• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Төрага Дастанбек Жумабеков Литвага расмий сапар менен барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 16-октябрь күнү Жогорку Кеңештин төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын парламентинин делегациясы Литва Республикасына расмий иш сапар менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында бир катар жолугушуулар өтөрү пландалган. Маселен, төрага Дастанбек Жумабеков Литва парламентинин төрагасы Викторас Пранцкетис жана тышкы иштер министри Линас Линкявичюс менен жолугушат.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин делегациясы Литва мамлекетине Латвия Республикасындагы расмий иш сапардан соң барды. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Динара Исаева, Гүлшат Асылбаева, Өмүрбек Бакиров, Жаныбек Исаев жана Бакирдин Субанбеков бар.

Пикир

Оставить комментарий