• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көл өнүктүрүү фонду коронавирусту алдын алууга 12 млн сом бөлөт

COVID - 19 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан коронавирус илдетин алдын алуу жана контролдоого 12 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу фонддун байкоо кеңешинин жыйынында белгилүү болду.

Фонддун маалыматына ылайык, анын ичинен 5 район жана 2 шаарга 1 млн сомдон, штабга – 5 млн бөлүнөт.

Каражаттар медициналык мекемелерге зарыл болгон жабдууларды, медиктер үчүн жеке керектелүүчү жана медициналык каражаттарды сатып алууга жумшалат.

Пикир

Оставить комментарий