• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Турдакун Усубалиевдин өмүр баянын, ишмердүүлүгүн чагылдырган китеп жарык көрдү

Маданият 0

Бишкек, 23.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 23-майда Кыргызстанды чейрек кылым башкарган көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер, КР Баатыры Турдакун Усубалиевдин өмүр баянын, мамлекеттик ишмердигин чагылдырган китептин бет ачары өттү.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жаңы басылма өлкөнүн легендарлуу парламентинин депутаты, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бактыбек Максутовдун калемине таандык.

Китептин бет ачар аземи президенттин өкүлчүлүгүнүн уюштуруусу менен автордун жана Нарын шаарынын коомчулугунун катышуусунда өткөрүлдү.

Китептин автору Бактыбек Максүтов өзүнүн эмгегинде Турдакун Усубалиевдин өмүр таржымалы менен бирге ошол 1960-1970-жылдардагы Кыргызстандын тарыхы, саясий турмушу, экономикасы, маданияты, ал кездеги Т.Усубалиевдин замандаштары, үзөңгүлөштөрү тууралуу да маалыматтар камтылганын белгиледи. Афтордун айтымында, китепти жазуунун максаты улуу инсандардын тарых-таржымалын кийинки муундарга жеткирүү болгон.

Президенттин өкүлүнүн орун басары рангындагы аппарат жетекчи Жылдызбек Беккелдиев облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси жана буйругу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн "Турдакун Усубалиев" атындагы сыйлык уюштурулганын маалымдады.

Автор Ж.Коңурбаева атындагы Нарын шаардык китепканасына жаңы басылманын 17 даанасын белек кылды.

Пикир

Оставить комментарий