• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 29.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 29-августта Жалал-Абад шаарында гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Иш-чарага иш-чарага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеӊишбек Абитов, шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Октябрь Урмамбетов өздүк курамды Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо учурунда коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, кызматтык тартипти бузбоого чакырды. Ошондой эле милиция кызматкерлеринин сырткы келбетине байланыштуу бир катар кемчиликтерди белгилеп, тез арада жоюу тапшырмасын койду.

Мындан сырткары, Кара-Көл, Токтогул, Аксы, Ала-Бука милициясына 2023-жылы өндүрүштөн чыгарылган "Шевроле Нексия" үлгүсүндөгү автоунаалардын ачкычтарын жана спортто жетишкен ийгиликтери үчүн ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлерине медалдарды тапшырды.

Андан соӊ Жалал-Абад ОИИБдин борбордук аппараты, кайгуул күзөт кызматы, Жалал-Абад, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Токтогул, Аксы, Ала-Бука милиция бөлүмдөрүнүн, ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын, ИИМдин ички аскерлеринин Жалал-Абад шаарындагы 7704 аскер бөлүгүнүн, ИИМдин күзөт кызматынын Жалал-Абад бөлүмүнүн өздүк курамы жана техникалары салтанаттуу жүрүштөн өтүштү.

Пикир

Оставить комментарий