• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Жалал-Абадда кылмыштуу топ түзүүгө шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Жалал-Абадда кылмыштуу топ түзүүгө шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ОИИБнин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан уюшкан топту түзүү же ага катышууга шектелген 1983-жылы туулган Д.У. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал ар кандай кылмыштуу топтун мүчөсү, мурда бир нече жолу ар түрдүү кылмыштарды жасап соттолуп чыккан.

Д.У. Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан КР Жазык кодексинин 248-беренесинин (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) негизинде ачылган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча издөөдө жүргөн.

Пикир

Оставить комментарий