• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Жээнбековдун Түркияга болгон расмий сапары соңуна чыкты

Президент 0

Бишкек, 11.04.18. /Кабар/. Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун Түркия Республикасына болгон эки күндүк расмий иш сапары аягына чыкты.

Сапардын биринчи күнү мамлекет башчысы Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. Алардын ортосунда тар жана кенен чөйрөдөгү сүйлөшүүлөр жүрүп, жыйынтыгында маалымат каражаттарына биргелешкен билдирүү жасашты.

Президенттер көптөгөн эки тараптуу маселелерди анын ичинде энергетика, унаа, өнөр-жай, саламаттык сактоо, парламенттер аралык кызматташуу, маданият жана билим берүү, ошондой эле инвестиция тартуу тармагында кеп кылышкандыгын билдиришти.

Мамлекет башчылары эки өлкө ортосунданы товар алмашууну жылына 1 млрд долларга чейин жогорулатуунун келечегин баса белгилешти.

Түркиянын президенти КР мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Бишкекте Түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммитин өткөрүүнү сунуштады.

“Мен Кыргызстан аталган саммити жогорку деңгээлде өткөрөт жана иш-чаранын төрагасы катары катышуучуларга татыктуу билдирүү жасайт деп ишенем”,-деди ал.

Жээнбековдун Түркияга расмий визитинин жыйынтыгы менен биргелешкен документтерге кол коюу аземи өткөрүлдү.

Алар:

1.Түркия Республикасынын Өкмөтүнө караштуу инвестицияларга көмөктөшүүнү колдоо боюнча агенттиги (ispat) менен Кыргыз Республикасынын инвестицияларды жылдыруу жана коргоо агенттигинин ортосунда кызматташуу тууралуу Меморандум;

2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда дене тарбиясы жана спорт чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;

3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;

4.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө Макулдашуу;

5.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда социалдык камсыздоо жөнүндө Келишим;

6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда басма сөз жана маалымат тармагында кызматташуу тууралуу Протокол.

Андан тышкары, Жээнбеков Анкарага келери менен Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемаль Ататүрктүн мавзолейине барып, анын бейитине гүлчамбар койду.

Мамлекет башчысы мавзолейге Даңк аллеясы менен барып, гүлчамбар коюп, бир мүнөт үн катпай түрк мамлекетинин негиздөөчүсүн эскерди.

Ошол эле жерден Сооронбай Жээнбеков Ардактуу меймандардын китебине Түркия Республикасынын элине тынчтык жана бакубатчылык каалаган жазуу калтырды.

Сапардын экинчи күнү да мамлекет башчынын күн тартиби абдан жыш жана натыйжалуу болду.

Эртең менен ал Түркия Республикасындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугуп, кенен олтуруп маектешип, көйгөйлөрүн укту.

Диаспора өкүлдөрү Президент Сооронбай Жээнбековго консулдук тейлөө, виза жана укук маселелерине, саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо көйгөйлөрүнө байланыштуу суроолорду беришти. Мекендештердин суроолоруна Президент өзү жана жолугушууга катышкан расмий делегациянын мүчөлөрү жооп беришти. Президент бардык көтөрүлгөн маселелер көзөмөлгө алынарын белгиледи.

Диаспора өкүлдөрү суроо берүү менен эле чектелбестен, өздөрүнүн илимий жана адабий эмгектеринин жемиштери менен да тааныштырышты.

Түштөк кийин Жээнбеков Түркиянын Премьер-министри Бинали Йылдырым менен тар жана кеңири форматтарда жолугушту.

Эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Ал ортодо мамлекет башчысы Анкара шаарындагы Чынгыз Айтматов атындагы көчөдөгү улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бюстуна барып, бир мүнөт үн катпай улуу жазуучуну эскерди.

Президент Сооронбай Жээнбеков иш-чарага катышкан Анкара шаарынын мэри Мустафа Тунага бюст орнотуу идеясын колдогондугу жана улуу жазуучуга болгон сый-урматы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президенттин визити 2018-жылдын 11-12-апрелинде Бельгиянын Брюссель шаарындагы Европа союзунун институттарына уланат.

(сүрөт КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү)

Пикир

Оставить комментарий