• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Төрага Жумабеков ОСАГО мыйзамынын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2 жылга жылдырууну сунуштады

Коом 0

Бишкек, 17.01.19 /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков ОСАГО жөнүндө мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн эки жылга – 2021-жылга жылдырууну сунуштады. Бул тууралуу спикер парламенттин жыйынында билдирди.

Кыргызстанда 7-февралдан тарта унааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу (ОСАГО) башталарын эске салып, бул мыйзамда талаштуу маселелер бар экенин, бул коомдо нааразылыктарды жаратышы мүмкүн экендигин айтты.

"ОСАГО жөнүндө мыйзамдын ишке киришүүсүнө аз эле убакыт калды. Эгерде мыйзамда кетирилген мүчүлүштүктөрдү жоюуга жетише албаса же тийиштүү шарт жок болсо, анда аны кийинкиге калтыруу керек. Биз анын күчүнө кирүү мөөнөтүн мурда дагы 2019-жылга чейин узартып бергенбиз. Ошондуктан, анын күчүнө кирүү мөөнөтүн эми 2021-жылга жылдыруу зарыл", – деди төрага.

Жумабековдун мындай сунушун колдогон депутат Төрөбай Зулпукаров ОСАГО жөнүндө мыйзамда кемчиликтер бар экенин эске салып, анын күчүнө кирүү мөөнөтүн эки жылга – 2021-жылга чейин узартуу зарылдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин Мамлекеттик финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Санжар Муканбетов жарандардын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн жарым жылга – 2019-жылдын 1-июлуна чейин узартуу тууралуу пикирин билдирген.

"Кыргызстанда 1,1 миллиондон ашуун автоунаа бар. Алардын баарына полисти жол-жоболоштуруу үчүн убакыт керек", – деген болчу Муканбетов.

Пикир

Оставить комментарий