• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Акыркы маалыматтар: 1092 адамдан COVID-19 табылып, 10 бейтап көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда 29-июнга карата коронавирус дагы 1 миң 92 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, анын ичинде Бишкек шаарында – 602, Ош шаарында – 60, Чүй облусу – 177, Ош облусу – 47, Талас облусу – 15, Нарын облусу – 12, Ысык-Көл облусу – 26, Жалал-Абад облусу – 83, Баткен облусу – 70 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 558 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 226, Ош шаарында – 100, Чүй облусунда – 101, Ош облусунда – 46, Талас облусунда – 12, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 25, Жалал-Абад облусунда – 21, Баткен облусунда – 21 адам", - деди министрдин орун басары.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 4, Чүй облусунда 3, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 жана Жалал-Абад облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 209 бейтап, амбулатордук түрдө 7 миң 248 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 27 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 5 миң 369 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 867 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 123 038 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 109 миң 511 киши айыгып чыкса, 1 миң 992 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий