• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде кыйноо фактысы боюнча милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.03.21 /Кабар/. Баткенде кыйноо фактысы боюнча милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КР Акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР Акыйкатчысынын Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн дарегине 2021-жылдын 1-февралында Б.Н. аттуу жаран кайрылып, жолдошу К.К. милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылгандыгына даттанган. Анын кыйноо фактысы тууралуу кайрылуусу дароо өкүлчүлүк тарабынан Баткен облустук прокуратурасына жолдонгон. 2021-жылдын 10-февралында Акыйкатчынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кадамжай райондук сотунда К.К. жазык иши боюнча сот отурумуна мониторинг жүргүзгөн.

Ал эми 11-февраль күнү кыйноого кабылды деген жаран К.К. менен ал учурда кармалып турган Кызыл-Кыя шаарынын убактылуу кармоочу жайында жолуккан. К.К. кыйноого дуушар болгонун тастыктап, өз колу менен Акыйкатчынын өкүлүнө арыз жазып берген.

Акыйкатчынын өкүлдөрү арызды дыкаттык менен карап чыгышкан соң, укукка жат мамиле жасаган милиционерлердин аракетине юридикалык баа берүү өтүнүчү менен Баткен облустук прокуратурасына кайрылган.

“Кийинчерээк Кадамжай районунун прокурору А.Ормошовдун колу коюлган жооп алынган, анда Кадамжай районундагы Ак-Турпак айылындагы Ж.Садиров атындагы аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин аракети кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 143-беренеси (Кыйноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүштү козгоо жана караштуулугу боюнча тергөөнү дайындоо өтүнүчү менен Баткен облустук прокуратурасына жөнөтүлгөн”, - деп белгилешти Акыйкатчынын басма соз кызматынан.

Азыркы учурда кыйноо фактысын колдонуу боюнча жазык иши УКМКнын Баткен облустук башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Бул иш Акыйкатчынын Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө турат.

Пикир

Оставить комментарий