• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Чет өлкөдө окууну каалагандар буларды билүүсү зарыл

Дүр дүйнө 0

Чет өлкөдө билим алуу студенттер үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачат: өлкө сыртындагы ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү өз өлкөсүндө гана эмес, ошол билим алган өлкөдөн да жакшы жумушка кирүү мүмкүнчүлүгүн алат. Анткени чет элдик студенттерди кабыл алган өлкөлөр дүйнө жүзүнүн ар тарабынан, таланттуу жана дымактуу жаш адистердин келишине кызыкдар.

Эгер сиз мектептин же ЖОЖдун бүтүрүүчүсү болсоңуз анда чет өлкөдөгү окуу сиз үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болот. Бирок ага жетишүүдө сиз күчтүү атаандаштыкка туруштук берүүңүз керек экенин да унутпаңыз. Чет өлкөгө окууга тапшыруу үчүн кандай иш-кагаздар керек, аларды чогултууда эмнеге көңүл буруу абзел? Бул жана башка эң маанилүү учурлар жөнүндө “Глобал Компас” окуучуларды чет өлкөгө жөнөтүү борборунун жетекчиси Жылдыз Саттарова айтып берди.

Жылдыз айымдын айтымында, чет мамлекет жөнүндө ой келгенде эле англис тилин окуп баштоо керек. Анткени Европанын дээрлик баардык университеттеринде окуу бул тилде жүргүзүлөт. Тил билүү деңгээлиңизди TOEFL, IELTS, Cambridge аттуу тесттен текшерип, жыйынтыгын алууңуз шарт. Андагы баа канчалык жогору болсо, атаандаштык тизмесинен ошончолук өйдө көтөрүлөсүз.

Экинчи кезекте чет жакка чыгуу паспорт, албетте күлкү келээрлик, бирок окуучу керектүү иш-кагаздарынын баарын жыйнап, визага тапшырайын дегенге паспорту жок болуп чыккан учурлар көп эле кездешет. Ал паспортту алуу үч айдан көп убактыңызды алышы мүмкүн. Андыктан эрте киришүү керек.

Окуу жайлар активдүү студенттерди алгысы келет, ошондуктан ар кыл иш-чаралардан алган сертификат, мактоо баракчаларыңызды камдаңыз. Бул иш-кагаздар сиздин коомдук иштерге активдүү катышканыңыздын далили болгондуктан, канчалык көп болсо ошончолук сизге пайда.

Жана албетте резюме жана маалымкат талап кылынат. Маалымкатты мугалим окуучунун окуудагы жетишкендигине, жүрүм-турумуна баа берип, студенттин окуудагы ийгилигин баяндап берүүсү абзел.

Эгер сиздин чыгармачылык, кол өнөрчүлүк же спорт жаатында жетишкендиктериңиз болсо, аны портфолиого чогултуп, даярдап тапшырууңуз сиздин пайдаңызга ойноп берээри анык.

Мотивациялык катты (мотивационное письмо) сиз өзүңүз жазышыңыз керек болот. Анда эмне үчүн дал ушул окуу жайга, дал ушул өлкөгө тапшырып жатканыңызды, эмне үчүн дал сизди тандоосу керектигин далилдеп беришиңиз керек. Эгер стипендия алгыңыз келсе, эмне үчүн сизге берүүсү керек. Бул дил баянды жазууда интрнеттен копиялап алуу тууралуу ойлонбой эле коюңуз. Анткени окуй келгенде өзүңүз жазганыңыз же көчүрүп алганыңыз даана эле билинип калат.

Маанилүүлүгү боюнча жогору турган, окуудагы баалар чоң роль ойнойт. Мектепте болобу, университетте болобу жакшы баа алууга аракет кылуу керек. Эгер бул тууралуу кеч ойлонуп калсаңыз, жок дегенде акыркы семестрде бааларыңызды жогорулатуу керек болот.

Жогоруда жазылган нерселер чогулуп келип сиздин образыңызды түзөт. Ошого карап окуу жайлар студенттерди тандашат эмеспи. Андыктан чет өлкөдө окуйм десеңиз баардык тарабын мыкты деңгээлге чыгарууга азыртан кам көрө баштаңыз. Андыктан ийгилик!

Айсулуу Кабылбекова

Пикир

Оставить комментарий