• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ жарандын беткабындагы белгинин шайлоого тиешеси жоктугун билдирди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Буга чейин Бишкектеги №1117 шайлоо тилкесине беткабында белгиси бар шайлоочу добуш бергени келгени тууралуу маалымат тарап, ИИМ тарабынан текшерүүгө алынары айтылган.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макиловдун айтымында, аталган маалымат боюнча ички иштер башкармалыгы текшерүү иштерин жүргүзгөн.

“Окуя Октябрь районундагы №1117 шайлоо тилкесинде болгон. Анда бир аял жана эркек кишинин беткабында белги болгон. Бирок ал добуш сатып алуу фактысына же башка шайлоо мыйзамын бузууга тиешеси жок”, - дейт Макилов.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда, саат 08:00дөн баштап өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүүдө.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 286 талапкер ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий