• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ислам шериктештиги оюндары. Мээрим Жуманазарова финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 13.08.22. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарынын финалына чыкты.

Спортчу жарым финалда түркмөнстандык балбанды 11:0 эсебинде утту. Ага чейин ал тайпалык беттеште 3 жеңишке жеткен.

Белгилей кетсек, Мээрим Жуманазарова 68 кг салмактык категорияда күч сынашууда.

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 21:30 да башталат.

Пикир

Оставить комментарий