• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Вице-премьер Мадумаров: Ачык-айкын шайлоо процессин камсыздоо зарыл

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 15.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Ысык-Көл жана Нарын облустарынын Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча облустук штабдарынын кеңешмелерине катышты. Иш-чараларга ошондой эле Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жумушчу сапарынын жүрүшүндө вице-премьер-министр бир нече шайлоо учстокторун кыдырып чыгып, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен маектешти.

Акрам Мадумаров алдыдагы шайлоо процессине сапаттуу даярдык көрүү ишинин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Ачык-айкын шайлоо процессин камсыздоо зарыл. Даярдык көрүү мезгилинде бардык шайлоо участкалары, анын ичинде алыскы райондордо жайгашкан участоктор тийиштүү материалдык-техникалык база жана интернет менен камсыздалышы керек. Коронавирус пандемиясы шартында шайлоо участокторунда санитардык коопсуздук талаптарын камсыздоо жана анын сакталышына өзгөчө көңүл бурулушу керек», - деди вице-премьер-министр.

Штаб кеңешмелеринин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий