• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Бишкектеги күйүп кеткен салык инспекциясынын ордуна бала бакча пайда болот

Коом 0

Бишкек, 26.09.18. /Кабар/. Тыныстанов көчөсүндөгү күйүп кеткен Биринчи май салык инспекциясынын имаратынын ордуна бала бакча курулат. Бул тууралуу социалдык тармактарда Бишкек шаардык мэриясынын маалыматтык саясат боюнча коомдук кеңешчиси Гуля Алмамбетова билдирди.

Ал билдиргендей, тиешелүү буйрукка калаа мэри Азиз Суракматов кол койгон.

“Совет мезгилинде ал жакта бала бакча болгон. Кызык, 1986-жылы Биринчи май райком партиясынын биринчи катчысы Богатырев В.Б., Чыңгыз Айтматовдун активдүү катышуусу менен ошол мезгилдеги биринчи кыргыз тилиндеги бала бакчаны ачуу боюнча буйрукка кол койгон”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий