• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Кыргызстан менен Беларусь дипмамилелерине 30 жыл. ТИМ башчылары куттуктоо каттары менен алмашты

Саясат 0

Бишкек, 21.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 21-январда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Беларусь тышкы иштер министри Сергей Алейник өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо каттары менен алмашышты.

Ведомствонун басма сөз кыматынан билдиргендей, өзүнүн куттуктоосунда КР ТИМ башчысы Кулубаев кыргыз-беларус мамилелери өз ара пайдалуу шериктештик жана кызматташтык духунда жогорку деңгээлде экенин белгиледи.

Ал юбилейлик жыл эки тараптуу күн тартибинде жаңы жетишкендиктер менен белгиленерин, бул өз кезегинде эки өлкөнүн жана алардын элдеринин кызыкчылыктарына жооп берген, достукка жана өз ара колдоого негизделген, өз ара пайдалуу кызматташтыктын практикалык негиздерин бекемдөөгө жана кеңейтүүгө мүмкүндүк түзө турганына ишеним артты.

Өз кезегинде Беларустун тышкы иштер министри Сергей Алейник да акыркы он жылдыкта белорус-кыргыз өнөктөштүгү бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуу менен урмат-сый жана ишеним принциптеринин негизинде ийгиликтүү өнүгүп, чыңдалганын белгиледи.

Ал тышкы иштер министрликтери мындан ары да эки мамлекеттин элдеринин жыргалчылыгы үчүн тең салмактуу, жемиштүү жана туруктуу байланыштар үчүн шарттарды түзө берерине ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий