• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Дзюдо боюнча кыздар курама командасы өспүрүмдөр арасында Азия кубогуна катышат

Спорт 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Дзюдо боюнча Кыргызстандын кыздар курама командасынынын мүчөлөрү Казакстанда өтө турган өспүрүмдөр арасында Азия кубогуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 14-16-май күндөрү Алматы шаарында болот.

Мелдешке төмөнкү спортчулар катышат:

1. Жанар Жолдошева, 52кг;
2. Адина Кочконбаева, 57 кг;
3. Ирина Черемушкина, 48 кг;

Белгилей кетсек, спортчулар Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш сапарга жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий