• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ошто мурда 4 жолу соттолгон чөнтөкчү кайра кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын "Сулайман тоо" милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шаар аймагында коомдук жайларда жарандардын чөнтөктөрүнө кол салып жүргөн жаран кармалды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, колго түшкөн 38 жаштагы Ө.З. аттуу жаран мурда 4 жолу соттолгон. Акыркы жолу мал базардан мал саткан жарандын ири суммадагы акчасын уурдап, камалып чыккан. Бул сапар борбордук базардан соодага келген жарандын телефону менен акчасын уурдап жатып кармалды.

Учурда шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий