• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгы өз ээлерин тапты — тизме

Маданият 0

Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Бишкекте күн мурун президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн “Кыялымдагы Кыргызстан” республикалык жаштар форумунун алкагында Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын тапшыруу аземи өттү.

Сыйлыкты ээлерине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тапшырды.

Сыйлык алгандардын тизмеси:
♦ Лауреаттар:

“Адабият жаатындагы мыкты чыгарма” номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты — Жапар уулу Орозалы.

“Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма” номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты — Айгерим Бердибаева

“Музыкалык искусствонун мыкты чыгармасы жана аткаруучулук чеберчилик” номинациясы боюнча
Ч.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты — D Billions музыкалык тобу.

“Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство)” номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты — Талган Бокоев.

“Шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоор” номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты — Кенжебек Турдакунов.

“Театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы” номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты — Уланмырза Карыпбаев.

“Кино жаатындагы мыкты жетишкендик (сценарийлик, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер)” номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты — Элдияр Мадаким.

“Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик” номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты — Акжол Махмудов.

“Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн” номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты — Нурбек Талантбеков.

♦ Дипломанттар:
“Адабият жаатындагы мыкты чыгарма”номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты — Чолпон Орозалиева.

“Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма” номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты — Мунара Алимжанова.

“Музыкалык искусствонун мыкты чыгармасы жана аткаруучулук чеберчилик” номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты — Мукамбет уулу Аксайбек.

“Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство)”номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты — Зыйнат Момунбаева.

“Театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы” номинациясы боюнча
Кыргыз Республикасынын Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты — Жаңылай Исакова.

“Кино жаатындагы мыкты жетишкендик (сценарийлик, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер)” номинациясы боюнча
Ч.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты — Дария Кошубакова.

"Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш” номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты — Айдарали уулу Эрнист.

"Экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик” номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты — Жибек Шарапова.

“Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик” номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты — Жалалдин Абдувалиев.

“Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн” номинациясы боюнча
Ч.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты — Медербек Абдыманапов.

Эске салсак, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы өкмөттүн 2000-жылдын 23-августундагы токтому менен негизделген. Анын негизги максаты демократиялык өзгөрүүлөр, салттуу рухий-адептик жана маданий баалуулуктарды өнүктүрүү жана сактоо, жаш муундардын гуманизм жана рухий-дене тарбия принциптерин бекемдөө максатында республиканын мыкты чыгармачыл күчтөрүн мекенчил жана изденүү маанайында жаштарды тарбиялоого багытталган чыгармаларды жаратууга тартуу болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий