• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

ЖК комитети министр кызматына Бейшеналиев менен Баатырованын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети саламаттык сактоо министри кызматына Алымкадыр Бейшеналиевдин жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына Гүлнара Баатырованын талапкерлигин жактырды.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров 7-сентябрда бир катар жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу, Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий