• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ийгилик! Айсулуу Тыныбекова дагы бир эл аралык мелдеште күчүн сынайт

Спорт 0

Бишкек, 22.02.19. /Кабар/. Кыргызстандык балбан кыздар Болгариядагы "Dan Kolov-Nikola Petrov" эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Аталган мелдеш 28-февралдан 3-мартка чейин Русе шаарында өтөт.

Бул турнирде өлкө атынан үч балбан кыз чыгат – Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Айпери Медет кызы (68 кг) жана Мээрим Жуманазарова (76 кг).

Алар менен бирге мелдеште башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков болот.

Пикир

Оставить комментарий