• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Чүйдө тоноого шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Чүйдө аялды тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын 52 жаштагы А.А аттуу тургуну арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде саат 08:30дар чамасында Аламүдүн айылынын көчөлөрүнүн биринен белгисиз адам ага кол салып, телефонун жана 5 миң сом акчасын жулуп алып, белгисиз тарапка изин жашырып кеткенин билдирип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде Аламүдүн РИИБне катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 30 жаштагы О.А. аттуу Чүй облусунун тургуну аныкталган.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Милиция кызматкерлери жогорудагы адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жогун текшерүүдө.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий