• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Казакстандагы эл аралык мелдеш: Ильяс Ренат уулу жана Калидин Асыкеев коло жеңди

Спорт 0

Бишкек, 03.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбандар Ильяс Ренат уулу жана Калидин Асыкеев Казакстандагы күрөш боюнча Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик мелдешинде коло байге утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Мелдеш 2-5-июнь күндөрү Алматы шаарында өтүп, балбандар кыз-келиндер арасында, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча күч сынашууда.

Коло үчүн кармашта Ильяс Ренат уулу 77 кг салмакта грузиялык балбанды 9:0 эсебинде, Калидин Асыкеев 82 кг салмакта казакстандык балбанды 3:1 эсебинде жеңди.

Эскерте кетсек, турнирдин биринчи күнүндө Жоламан Шаршенбеков (63 кг) жана Атабек Азисбеков (87 кг) коло байгеге татыган.

Пикир

Оставить комментарий