• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

"Акылман" президенттик лицейи жөнүндө жобонун долбоору коомдук талкууга коюлду

Билим 0

Бишкек, 03.07.23. /Кабар/. Президенттин “Акылман” президенттик лицейи жөнүндө” жарлыгын аткаруу үчүн министрлер кабинетинин “Акылман” президенттик лицей жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомунун долбоору даярдалып, 2023-жылдын 26-июлуна чейин коомдук талкууга коюлду.

“Акылман” президенттик лицейи бүткүл өлкө боюнча өзгөчө шыктуу балдарды окутуунун жана тарбиялоонун бирдиктүү системасын түзүү, таланттуу жаштарды андан ары колдоо жана сыйлоо, Кыргыз Республикасында интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу максатында түзүлүүдө.

Долбоорго ылайык, лицейге бардык аймактардан окуучуларды кабыл алуу жыл сайын өткөрүлүүчү сынактык тандоонун жыйынтыгы боюнча эки этап менен жүргүзүлөт:

I этап – тестирлөөгө катышуу үчүн тапшырылган окуучулардын документтерин баалоо;

II этап – тестирлөөгө катышуу жана тестирлөөдө алган баллдардын рейтинги боюнча жана белгиленген кабыл алуу квотасына ылайык окуучуларды тандоо жүргүзүү.

Ар бир класстагы окуучулардын саны 24төн ашпоого тийиш.

Лицейде окутуу – акысыз, лицейге башка аймактан келген окуучулар интернатта бекер жашоого жана тамактанууга укуктуу.

Жобонун толук текстин http://koomtalkuu.gov.kg/ru/view-npa/2845 сайтынан окуй аласыз.

Жобонун долбооруна комментарий калтыруу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоо боюнча бирдиктүү порталга кирүү же катталуу керек.

Пикир

Оставить комментарий