• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Бишкекте грэпплинг боюнча Азия чемпионаты башталды

Спорт 0


Бишкек, 05.03.18. /Тумара Туратбекова - Кабар/. Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында грэпплинг боюнча Азия чемпионаты старт алды.

Турнирге Кыргызстан, Казакстан, Иран, Индия жана Өзбекстандан келген спортчулар катышууда.

Учурда квалификациялык жолугуулар болууда, жеңүүчүлөр бүгүн кечинде аныкталат.

Турнирдин алкагында эркектер арасында сегиз салмактык категория боюнча медаль ойнотулат – 62, 66, 71, 77, 84, 92, 100 кг чейин жана 100 кг ашуун, ал эми кыздар арасында беш категория боюнча ойнотулат – 53, 58, 64, 71 кг чейин жана 71 кг ашуун.

Пикир

Оставить комментарий