• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 310 адам коронавирустан айыкты. Жалпы 36 миң 925

COVID - 19 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 310 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 112, Ош шаарында – 16, Чүй облусунда – 16, Ош облусунда – 43, Талас облусунда - 7, Нарын облусунда – 19, Ысык-Көл облусунда – 16, Жалал-Абад облусунда – 54, Баткен облусунда 27 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 36 миң 925ке жетти.

Пикир

Оставить комментарий