• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

2018-жылы Кыргызстандын ИДПсы 3,5%га өскөн

Экономика 0

Бишкек, 16.01.19. /Кабар/. Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 557 млрд. сомду түзгөн. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 3,5%га өстү дегенден кабар берет. Өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнүн эсептөөлөрү Улуттук статистика комитетинде өткөн маалымат жыйынында айтылды.

“Кумтөр” алтын кен ишканасын эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 2018-жылда 509 млрд. сомду түзүп, 3,5%га өскөн.

Кыргызстандын өнөр-жайында өндүрүлгөн продукциясынын көлөмү 251 млрд. сомду түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 5,4%га өскөн. Мындай көрсөткүчтөр көмүр казып алуу 22%, чийки мунай жана жаратылыш газы - 17,5%га, ошондой эле мунай азыктары, негизги металлдар, текстил өнөр-жайы, кийим чыгаруу, тамак-аш азыгы, желим буюмдары жана курулуш материлдарынын өсүшүнүн аркасы менен жетишилген.

Айыл чарбасындагы көлөмдүн өсүшү 2,7%, курулуш - 7,8%, дүң жана чекене соодада - 5,5%ды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий