• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

23-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 23.12.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 23-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -4…+1, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +2…+7, Ысык-Көл облусунда -2…+3, Нарын облусунда -7…-12 градус суук болот. Ал эми Бишкек шаарында -1…+1 жана Ош шаарында +5…+7 градусжылуу болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий