• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Баткен облусунун жашоочуларына 2,7 млрд сом насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Финансы-кредиттик уюмдар (ФКУ) Баткен облусунун тургундарына 2,7 млрд сомдон ашык кредит берди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 18-ноябрында кабыл алынган токтомду ишке ашыруу максатында, ФКУ Баткен областындагы карыз алуучулар боюнча бир катар чараларды көргөн:

- 2022-жылдын 18-ноябрынан 2023-жылдын 28-февралы аралыгында ФКУ тарабынан 2 млрд 799, 9 млн сомго 27 миң 207 кредит артыкчылыктуу тартипте каралган жана берилген;

- "Кепилдик фонду" ААК 254,4 млн сом суммасына 232 кредит боюнча 115,5 млн сом суммасына 228 кепилдик берген.

Учурда ФКУлар жабыркаган карыз алуучулардан келип түшкөн бардык арыздарды карап жатат жана алар банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт.

Пикир

Оставить комментарий