• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Бишкектеги хореографиялык окуу жайдын директорлугуна Эрик Латыпов келди

Маданият 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Эрик Латыпов Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жаңы жетечини окуу жайдын эмгек жамаатына маданият министри Азамат Жаманкулов тааныштырган.

Латыпов Эрик Вильданович 1964-жылы 8-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий