• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Душанбе: Орусиядагы 345 миң тажикстандык мигранттын тагдыры белгисиз

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.12.18 /Кабар/. Орусияда иштеп жүргөн 345 миң тажикстандык мигранттын тагдыры белгисиз бойдон калууда. Бул тууралуу 25-декабрда тажик парламентинин жогорку палатасынын спикери Махмадсаид Убайдуллоев билдирди.

Анын айтымында, алардын баары Орусияда мыйзамсыз жүргөн болушу мүмкүн. «Мындан тышкары алардын көбү миграциялык мунапыска илинген эмес жана депортацияланган эмес деп болжолдоп жатабыз. Арасында орус жарандыгын алып, бул тууралуу тажик бийлигине кабар бербегендери да болушу ыктымал», — деди спикер.

Махмадсаид Убайдуллоев расмий маалыматтарга таянуу менен сентябрга карата Тажикстандын 226 миң жаранына Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынганын билдирди. «Мамлекеттик думада мекендештерибизге миграциялык мунапыс берүү маселеси каралууда», — деп кошумчалады ал.

​Миграция тармагы боюнча талдоочу Рахмон Ульмасов тажикстандыктардын көбү Орусияда мыйзамсыз иштөөгө өткөн деп эсептейт. «Патент баасы кыйла кымбат. Ошондуктан ага акчасы жоктор мыйзамсыз иштөөгө өтүшкөн», — деди ал.

Жаңы жалдан тарта Орусияда эмгек мигранттары үчүн пантенттин баасы кымбаттайт. Москвада анын баасы 5 миң рубль болуп калат.

Расмий маалыматтар боюнча Орусияда Тажикстандын 1 миллиондон ашык жараны иштеп жүрөт. Жылдын башында Орусиянын Борбордук банкы 2017-жылы Тажикстанга акча которуулардын көлөмү кыйла көбөйүп, ал 2 миллиард 536 миллион долларга жеткенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий