• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы суткада 3,8 миңге жакын адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 3 миң 794 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 1 миң 580 адам вакцинанын биринчи дозасын, 2 миң 214 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 16 миң 696 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 790 миң 727 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий