• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын саны 23кө жетти – Абдикаримов

COVID - 19 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны 23 адамга жетти. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Ал, буга чейин 10 адам коронавирустан айыгып, бейтапканадан чыгарылганын белгилеп, бүгүн Жалал-Абад облусунда 13 адам ооруканадан чыгарыларын билдирди.

"Бүгүн стационардык дарыланууда болгон 13 адам үйлөрүнө чыгарылат", - деди министр.

Белгилей кетсек, буга чейин 9 адам коронавирустан айыкканы айтылган.

Кыргызстанда 6-апрелге карата коронавирус жуктурган 69 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 216га жетти. Алардын ичинен 23 адам коронавирустан айыкты. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий