• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Кыргызстанда жумушсуздуктун азайышы байкалууда

Коом 0

Бишкек, 09.11.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы жылга карата жумушсуздуктун деңгээли 4% кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин акыркы он жылдын маалыматын жарыялоосунда белгиленген.

Маалыматка ылайык, төмөндөө тенденциясы 2012-жылдан бери байкалууда, ал кезде республикада эмгекке жарамдуу курактагы жумушсуз жарандардын саны 207,9 миң адамды түзсө, жети жылдын ичинде алардын саны дээрлик 33%га кыскарып, 140 миң адамды түзгөн.

"Бирок 2020-жылы COVID-19 пандемиясынан улам бул көрсөткүч 6%га өсүп, 148,2 миң адамды түздү. Ишканалардын экономикалык активдүүлүгүнүн калыбына келиши менен жумушсуз жарандардын саны кайрадан кыскара баштады, 2021-жылдын аягына карата 141,6 миң адамды түздү. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча алардын көбү эркектер – 77,4 миң", - деп айтылат Статистикалык комитеттин маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий