• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Кыргызстандын 2018-2019-жылдагы жетишкендиктери: Макроэкономикалык көрсөткүчтөр

Аналитика 0

2019-жылдын үчүнчү чейрегинин жыйынтыгы боюнча мамлекеттин ИДПсы 6,2 пайыз деңгээлинде болуп, Кыргызстандын экономикасындагы оң тенденциясын көрсөтүп турат. Эксперттердин баамында, Кыргызстандын экономикасы кыймылга келип, келечекте анын көрсөткүчтөрү өсмөкчү.

Улуттук статистика комитетинин отчетунда айтылгандай, ИДПдагы өсүш экономиканын өнөр жай, курулуш, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү тармактарында болгон. Ошол эле учурда былтыркы жылдын январь-сентябрь айларына караганда товардын өндүрүлүшү 10,2% жана кызмат көрсөтүү 2,7%га өскөнү байкалат.

Ал эми Каржы министрлиги белгилегендей, бул жылдын макроэкономикалык саясатынын негизги максаты макроэкономикалык туруктуулукту сактоо, улуттук экономиканын атаандаштыгын арттыруу, өлкөдө баанын туруктуулугун камсыз кылуу болуп саналат. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөнүн ИДПсынын түзүлүшүндө анын басымдуу бөлүгү кызмат көрсөтүү, өнөр жай жана айыл чарба тармактарына туура келет.

"Кумтөрдүн" туруктуу иштеши, кендердеги казуу иштери, курулуш материалдарынын чыгарылышынын жана энергетиканын аркасы менен өлкөдө макроэкономикалык туруктуулук сакталып келет. Анын эсебинен ИДПнын өсүшү 3,5 пайыздык деңгээлде болуп, 2019-жылдын январь-июль айында ИДПнын өсүшү 106,9% болгон.

Мамлекеттик башкаруу системасын оптимизациялоо жана чет элдик инвестицияларды тартуу, "Дыйкандарга жеткиликтүү насыялар", "Айыл чарбаны каржылоо" программалары боюнча берилген жеңилдетилген насыялар экономиканын өсүшүнө кошумча дем берет.

Учурда өкмөт 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү 4% ченинде болоорун болжолдоп жатат.

Пикир

Оставить комментарий