• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Орто-Токойдон 60 балык кармоочу тор табылды

Коом 0

Бишкек, 22-июнь /Кабар/. Кочкор районунун “Орто-Токой” суу сактагычынан 6000 метр болгон 60 даана балык кармоочу торлор чыгарылып, жок кылынды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, бул факт Жумгал, Кочкор райондору боюнча аймакытк башкармалыгынын инспекторлору демилгеси менен уюштурулган,Орто-Токой суу сактагычын торлордон тазалоо иштеринин жүрүшүндө белгилүү болду. Ага жергиликтүү коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышып, биргеликте Орто-Токой суу сактагычы мыйзамсыз орнотулган 6000 метр торлор чыгарылды. Торлор жеринде Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынан өрттөлүп жок кылынды.

Ал эми жеригиликтүү коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө, браконьерликти алдын алуу, мыйзамсыз балык кармоо жана ташууга бөгөт коюу боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

Эске салсак, Мамэкотехинспекция тарабынан мыйзамсыз балык улоону токтотуу боюнча Орто-Токой суу сактагычында ар убак рейддер жүрүп келет. Акыркы айда эле 200 ашуун торлор жок кылынып, бир нече моторлуу кайыктар кармалган.

Пикир

Оставить комментарий