• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Бажы кызматы ЖОЖ студенттери арасында викторина өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын «Адистештирилген-окутуу» бажысы жогорку окуу жайлардын 4-5-курстарынын студенттеринин арасында университеттер аралык викторина өткөрдү.

Бажы кызматынан билдиришкендей, иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жана Кыргыз улуттук университетинин студенттери катышты. Жалпысынан 20 студент катышып, 4 командага бөлүнүштү.

Викторина «Бажы иши» адистиги боюнча «ТЭИ ТН кодунун классификациясын аныктоо жана бажы төлөмдөрүн эсептөө» темасында өттү.

Иш-чаранын максаты бажы жаатында билим берүү жана илим системасын бекемдөө, бажы иши чөйрөсүндө кесиптик студенттик конкурстардын салттарын өнүктүрүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий