• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

"Бирге жаза, миңге сабак". Садыр Жапаров инисинин кармалышы боюнча үн катты

Президент 0

Бишкек, 24.07.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде акыркы кезде коомдо талкууланып жаткан актуалдуу суроолорго жооп берип, анын ичинде инисинин кармалышына токтолду.

“Менин иним эле” деп камабай койсом башка инилерим да аралаша баштайт да. Кыргызда жакшы сөз бар: "Бирге жаза, миңге сабак",- деген. Мына менин комментарийим", - деди мамлекет башчысы.

Президент белгилегендей, азыр заман башка. Баарына бирдей мамиле. Коррупцияга аралаштыңбы мейли ким болбо камаласың. Мамлекетке канча чыгым келтирсең эки эселеп төлөйсүң, анан чыгасың. Төлөбөсөң жата бересиң.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин иниси Улан Жапаров коррупциялык иштерге аралашкан деп шектелип кармалган. Анын жакында баш коргоо чарасы каралып, камакта калтырылды.

Пикир

Оставить комментарий