• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Бишкекте бир жума ичинде 39 мас айдоочу кармалды

Коом 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Бишкекте 12-19-июль күндөрү 539 жол эрежесин бузуу учуру катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.

Бир жума ичинде катталган жол эреже бузуулар:

- мас абалында унаа айдап кармалгандар - 39 айдоочу;
- алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатып алгандар - 4 айдоочу;
- айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдагандар - 21 айдоочу;
- башка жол эреже бузуулар - 475.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, 169 унаа айып аянтчасына коюлган - алардын ичинен 79 унаа эвакуатор менен чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий