• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда, ооругандардын саны өсүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. Борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда, ооругандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 8-июлга карата Бишкек шаарында коронавирустук инфекция жана жугуштуу пневмония менен ооруган 693 учур катталды.

Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциясына жана коронавирус инфекциясына каршы күрөштү жана алдын алууну күчөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.

"Борбор калаада Үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы ишеним телефондору күнү-түнү иштей тургандыгын эсиңиздерге салабыз. Борбор калаада 37 мобилдик медициналык топ иштейт. Өткөн суткада алар 822 сапар кылып, 993 ПЧР-тестин алышты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, медициналык топтор 118 колл-борборуна келип түшкөн арыздар боюнча чыгууларды жасашат.

Коронавируска шектүү болсоңуз ошондой эле үй-бүлөлүк дарыгериңизге кайрылсаңыз болот.

Пикир

Оставить комментарий