• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Чүй облусунда 10 медицина кызматкери коронавирус жуктурган. Үчөөсү айыгып, үйүнө чыгарылган

Аймак 0

Бишкек, 12.06.20. /Кабар/. Чүй облусунда 10 медицина кызматкери коронавирус жуктурган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова билдирди.

Анын айтымында Чүй облусунда жалпы 185 киши коронавирус жуктурган.

“Алардын ичинен 10у медицина кызматкери – 2 хирург, үй-бүлөлүк медицина борборунун 2 кызматкери, 1 санитар айым, жалпы дарыгерлик практика борборунун 2 кызматкери. Учурда 3 медицина кызматкери оорудан айыгып, үйүнө чыгарылган. 4 кызматкер аймактык ооруканада, бирөө Фтизиатрия улуттук борборунда жатат”, - деди ал.

Чүй облусунда коронавируска чалдыккан 185 кишинин ичинен 114ү оорудан айыккан, 5 киши каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий