• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат – Чек ара кызматы

Коом 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кытай тараптын демилгеси менен Кытайда жаз майрамы белгиленгендигине байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан «Торугарт-автожол» жана «Эркечтам-автожол» өткөрүү жайлары 10-февралдан баштап 12-февралды кошуп алган мезгил аралыгында жабык болот.

“Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” өткөрүү жайлары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 2024-жылдын 13-февралынан баштап жанданат.

Пикир

Оставить комментарий