• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Бишкектеги "Ынтымак 2" паркында жашыл көчөттөр азыктандырылды

Коом 0

Бишкек, 25.03.23. /Кабар/. Бишкектеги "Ынтымак 2" сейил багында жашыл көчөттөрдү азыктандыруу боюнча массалык иш-чара өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чараны "Жашыл Мурас" улуттук программасынын алкагында "Эко дүйнө" коомдук фонду "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы менен биргеликте уюштурган.

Мэриядан билдиришкендей, "Ынтымак 2" сейил багында жазы жана ийне жалбырактуу 1500 түп дарак витаминдердин "дозасын" алууда. Ал үчүн 1,5 тонна биогумус сарпталат.

Биогумус – биологиялык активдүү, экологиялык жактан таза жана табигый органикалык жер семирткич. Ал калифорниялык кызыл курттар тарабынан топурактагы органикалык заттарды иштетүүдө пайда болот. Анын курамында өсүмдүктөрдүн өсүшүнө керектүү элементтер, ошондой эле кыртыштын структурасын байытуу жана жакшыртуучу заттар бар.

Эске салсак, муниципалдык ишкананын жумушчулары биогумус жана мульча сыяктуу органикалык жер семирткичтерди өздөрүнүн питомниктеринен өндүрүшөт.

Пикир

Оставить комментарий