• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Элчи Казакбаев Анкаранын Кечиөрен муниципалитетинин башчысы менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 14.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинин башчысы Тургут Алтынок менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар глобалдык чакырыктардын жана коркунучтардын фонунда түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгү тууралуу пикир алмашышты.

Түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө темасын улантып, Тургут Алтынок Түрк дүйнөсүнүн жаштар конгрессин Кечиөренде уюштуруу мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экенин билдирди.

Кыргызстан менен Түркиянын жаштарынын ортосундагы достук жана бир туугандык байланыштарды мындан ары тереңдетүү максатында элчи Руслан Казакбаевдин эки өлкөнүн мектеп окуучулары арасында маданий алмашуу программасын уюштуруу демилгесин муниципалитеттин башчысы Тургут Алтынок оң кабыл алды.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кечиөрендин Кыргызстандагы боордош шаарлары Каракол жана Бишкектин Ленин району менен болгон кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Бул контекстте элчи Руслан Казакбаев боордош шаарлардын практикалык кызматташуусун активдештирүү зарылдыгына, атап айтканда, мектеп, бала бакча жана ооруканаларды куруу сыяктуу социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга көңүл бурду.

Мындан тышкары тараптар кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана Түркия Республикасынын негизделгенинин 100 жылдыгына карата биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча мындан аркы пландарды белгилешти.

Андан ары элчи Руслан Казакбаев мэр Тургут Алтынок баштаган муниципалитеттин делегациясы менен бирге Айкөл Манас жана Чыңгыз Айтматовдун эстеликтерин зыярат кылып, гүл чамбарларды койду.

Элчи Руслан Казакбаев Кечиөрендин мэрине кыргыз-түрк мамилелерин кеңейтүүгө жана борбор калаанын муниципалитетинде кыргыз тарыхы менен маданиятынын эстелигин түбөлүккө калтырууга көрсөткөн ар тараптуу көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий