• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Испанияда жүрөгү 6,5 саатка токтоп калган аялды куткарып калышты

Дүйнө 0

Бишкек, 06.12.19. /Кабар/. Испаниялык дарыгерлер жүрөгү 6,5 саатка токтоп калган 34 жаштагы британиялык аялды куткарып калышты. Бул тууралуу Vanguardia гезити жазат.

Окуя 3-ноябрда британиялык Одри Мэш өзүнүн күйөөсү менен Пиренеи тоосунда жүргөндө болгон. Бирок Vall d'Hebron клиникасынын дарыгерлери бейшемби күнү гана Одри Мэш тууралуу айтышкан.

Алардын айтуусунда, жубайлар тоодо сейилдөөнү чечишкен. Аба ырайынын өзгөрүшүнөн 34 жаштагы аял эс-учун жоготуп алган. Анын күйөөсү Мэштин жүрөгү сокпой, дем алып жаткан белгилери байкалбай калганын айткан.

Дарыгерлер аялды жандандыруу бөлүмүнө жаткырышкан. Ага экстракорпоралдык мембраналык кычкылдандыруу системасы колдонулуп, жүрөк согушу калыбына келтирилген.

Vall d'Hebron клиникасынын кызматкери Эдуард Аргудонун айтымында, абанын өзгөрүшүнөн улам британиялык Одри Мэштин мээси тез арада муздоого дуушар болгон. Ал учурда мээге кычкылтектин баруусу кескин төмөндөп кеткен.

Дарыгерлер белгилегендей, мындай учур Испанияда алгачкы жолу байкалган.

Пикир

Оставить комментарий