• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

ӨКМ: Өлкө аймагында дезинфекциялоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Республика боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2-июнда өлкө боюнча 33 153 м2 имараттын ичи, 170 095 м2 имараттын сырты, жалпы 203 248 м2 аймак жана 116 850 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 123 куткаруучу тартылган.

Чүй облусунунда 41 300 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 150 кг хлор колдонулду;

Нарын облусунда 1500 м2 имараттын ичи, 4500 имараттын сырты дезинфекцияланып, 6 кг хлор колдонулду;

Талас облусунда 39 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 244,5 кг хлор колдонулду;

Ысык-Көл облусунда 7520 м2 имараттын ичи, 68 330 м2 имараттын сырты дезинфекцияланып, 143 кг хлор колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 10 825 м2 имараттын ичи, 9583 м2 имараттын сырты жана 11000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 6 кг хлор, 100 литр суюк хлор жана 12 даана хлор таблеткасы колдонулду;

Ош облусунда 9350 м2 имараттын ичи, 8200 м2 имараттын сырты жана 14 250 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 204 кг хлор колдонулду;

Баткен облусунда 2688 м2 имараттын ичи, 12 382 м2 имараттын сырты жана 5200 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 6 кг хлор, 3 даана хлор таблеткасы колдонулду;

Ош шаарында 1270 м2 имараттын ичи, 14 500 м2 имараттын сырты дезинфекцияланып, 14,5 литр суюк хлор колдонулду;

Бишкек шаарында 52 600 м2 имараттын сырты жана 6100 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 27,7 кг хлор колдонулду;

Белгилей кетсек, залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө. Иш-чаралар министрдин тапшырмасынын негизинде аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий