• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Кыргызстанда 2023-жылы 13 пайызга аз дан эгини бастырылды

Экономика 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча 1,6 млн тонна дан эгини бастырылды (кайра иштетилгенден кийинки салмакта, дан буурчак, күрүч жана гречканы кошпогондо). Бул тууралу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 13% аз.

Эгинди чаап-жыйноо көлөмүнүн төмөндөшү өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнүн (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) 14,6 %га азайышы менен шартталган.

Үстүбүздөгү жылдын жай айларындагы абанын аномалдуу жогору температуранын кесепетинен вегетациялык мезгилде буудайдын дүң жыйымы – 25,7%, арпанын жыйымы – 29,2 % кыскарды.

Муну менен катар, өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу кант кызылчасынын дүң жыйымынын 32,7%, тамекинин 19,2%, дан жүгөрүнүн 9,2%, жашылча өсүмдүктөрүнүн 4,6%, бакча өсүмдүктөрүнүн 4,2% жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн 1,2% олуттуу өсүшү белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий