• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 9 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 04.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 9 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад облусунда 2, Бишкек шаарында 6 жана Нарын облусунда бир медкызматкер илдетке кабылган.

"Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 216 учур катталды, алардын ичинен 139 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 4-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 830га жетти. Алардын ичинен 216сы медицина кызматкери. Илдеттен 575 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий