• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Нарын шаарынын ички көчөлөрү оңдолууда

Аймак 0

Бишкек, 12.04.23 /Кабар/. Нарын шаарынын ички көчөлөрү оңдолууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда шаардын Ак-Мөөр, Баетов, Чоробаев жана Муканбет уулу Улан көчөлөрүндөгү эски асфальт катмары сыйрылып, жаңы асфальт төшөөгө даярдалып жатат. Ал эми Алаев көчөсүнө асфальт жаткыруу үчүн жолду тегиздөө иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары, мамлекеттик маанидеги Он-Арча – Жаңы-Талап – Ашырма унаа жолунун 0-82-чакырым аралыгындагы шагыл катмар тилкесин калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун Нарынга жасаган иш сапарынын алкагында Нарын шаарында жалпы 18,5 чакырым узундуктагы ички көчөлөрдү оңдоо пландалганы маалым болгон.

Өлкө жетекчиси ошондой эле IV категориядагы мамлекеттик маанидеги Нарын – Баетов унаа жолунун 36 чакырымына асфальт төшөө иштерин быйыл бүтүрүүнү тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий