• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Некролог – Котормочу, лингвист, педагог Турсуняз Досалиев дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 18.05.23. /Кабар/. 2023-жылдын 16-майында 69 жашында катуу оорудан кийин белгилүү котормочу, лингвист, чыныгы педагог Турсуняз Досалиев дүйнө салды.

Турсуняз Досалиев кесипкөй котормочу, өтө эмгекчил, мыкты устат, өзүнүн күчтүү жарандык позициясы бар, көп кырдуу инсан, терең билимдүү жана жогорку моралдык сапаттары менен кеңири таанылган.

Турсуняз Досалиев 1954-жылы 18-январда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Оргочор айылында туулган.

1975-1980 -жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде окуп, билим алган.

Ал өзүнүн эмгек жолун 1980-жылы КирТАГ маалыматтык агентигинде корректор катары баштап, кийинки жылдары ошол эле жерде редактор, котормочу жана улук редактор болуп иштеген.

1990-жылы Кыргыз ССРинин министрлер кеңешинин Иш башкармасынын жалпы бөлүмүнө адис ишке алынган, андан кийин жалпы бөлүмдүн котормо секторунун жана президенттин администрациясынын канцеляриясынын котормо секторунун референти болуп иштеген.

1993-жылы президенттин администрациясынын канцеляриясынын актыларды чыгаруу жана котормо секторунун башчысы болуп дайындалган. 1994-жылы президенттин администрациясынын жалпы бөлүмүнүн протокол жана котормо секторунун башчысы болуп дайындалган.

2013-жылы президенттин аппаратынын жетекчисинин 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 213 буйругу менен Турсуняз Досалиев президенттин Архивинин башчысы болуп дайындалып, 2020-жылдын мартына чейин иштеген.

Досалиев Турсуняз Акматжанович жетекчилик кылган учурда архивдин материалдык-техникалык базасы кыйла жакшыртылып, иш бөлмөлөрүндө капиталдык оңдоп-түзөө жүргүзүлгөн. Президенттин аппаратынын жетекчилигинин колдоосу менен акыркы төрт жылда президенттин Архивиндеги документтерди санариптештирүү боюнча көп иштер аткарылып, санариптештирилген документтерди сактоо үчүн көп тармактуу сактагычтар сатылып алынган. Аудиовизуалдык документтер менен иш жүргүзүүнү күчөтүү үчүн Турсуняз Досалиев тарабынан аудиовизуалдык документтер менен иштөө жана маалыматтык технологиялар бөлүмүн түзүү демилгеленип, бул архивдин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк түздү.

Мамлекеттик кызмат системасында көп жылдык жана ак ниет эмгеги үчүн Турсуняз Досалиев 2007-жылы КР Ардак грамотасы менен сыйланган.

Үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтабыз. Чыныгы инсан, котормочу, тилчи Турсуняз Досалиевдин жаркын элеси элдин эсинде түбөлүккө сакталат.

С. Н. Жапаров, Н. Т. Шакиев, А.У. Жапаров, Э.Ж. Осконбаев, З. К. Базарбеков, С. С. Касмамбетов, А.А. Касымалиев, Б.Э. Торобаев, Э.Ж. Байсалов, К.К. Ташиев, Ж.С. Кыдыкбаев, М.К. Сарбагышев, Б.З. Тулобаев, А.Т. Тумонбаев, А.Дж. Джунушалиев, М.К. Укушов, А.К. Осмонов, А.Н. Исанов, Т.О. Иманов, К.Т. Туманбаев, А.Н. Абдылдаева и др.

Пикир

Оставить комментарий