• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Ошто эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү өттү

Аймак 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканадасында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош облусунун башчысынын орун басары Данияр Жаныкулов, окурмандар, “Ош кайрыктары” адабий клубунун мүчөлөрү катышты.

“Элибиздин эгемендик майрамы, желбиресин эркиндиктин байрагы” аталышындагы китеп көргөзмөсүнүн максаты — Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөө мамлекеттүүлүктү түптөө, эгемендүүлүкө жетүүгө кыргыз элине зор кызмат өтөгөн К.Тыныстанов, И.Арабаев, Ж.Абдрахманов, Ч.Айтматов сыяктуу улуу инсандардын эмгектерин сунуштоо.

"Кыргыз Республикасы эгемендүү өлкө катары каада-салты, маданияты жана рухий дөөлөтү менен бүткүл дүйнөгө таанылганын барктоо, даңазалоо болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий